Жыл сайын өтүүчү Дүйнөдөгү эң беделдүү окумуштуулардын 2% рейтингин Стэнфорд университетинин серепчилери түзөт. Белгилей кетсек, көрсөкүч библиометриялык изилдөөнүн негизинде даярдалат. Изилдөө эки маалымат базасын камтыйт. Биринчи рейтингде эмгек жолуна эң көп шилтеме жасалган илимпоздор сунушталса, экинчиси – соңку жылдагы эмгектерине эң көп шилтеме жасалган окумуштуулар көрсөтүлгөн. Ошентип, Улуттук илимдер академиясынын академиги Ратбай Мырзакулов астрофизика, гравитация, космология жана солитон теориясы боюнча изилдөөлөрү үчүн эки тизмеге тең кирди. Ошондой эле, 2021-жылдын мыкты окумуштууларынын рейтингине «Болашак» программасынын эки бүтүрүүчүсү Нурлан Оразалин менен Сарсенбек Монтаев кошулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков