Маселен, Маңгыстау облусунда бүтүрүүчүлөр «Балык жана деңиз азыктарын кайра иштетүү» жана «Техник – технолог» сыяктуу адистиктерге ээ боло алышат. Студенттер бюджеттик негизде окуп, кийин ишке орношот. Белгилей кетсек, облуста балык чарба тармагында ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүүдө.
Айнур Султангали, колледж мүдүрү:
- Аташ конушунда жайгашкан фирма менен келишим түзгөнбүз. Жаңы окуу жылына мамлекеттик буйрутманын негизинде квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн окуу жайга 4 орун бөлүнүп жатат. Бул окууну бүткөн балдар ошол жерден дароо жумушка орношот дегенди билдирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков