Биринчи этап үчтүн айынын 27не чейин уланат. Казакстандыктар 4 этап менен арыз бере алышат. Бул тууралуу Эл аралык программалар борбору кабарлады. Экинчи этап чын куран айы, андан кийин кулжа айынын 5нен теке айына чейин, акыркысы теке айынын ортосунан аяк оона айына чейин жүргүзүлөт. Арыздар Egov.kz мамлекеттик кызматтар порталында кабыл алынат. Белгилей кетсек, быйыл магистратурага жана ординатурага 395, докторантурага 50, такшалмага 110 стипендия бөлүнгөн. Казакстандыктар дүйнөнүн 27 өлкөсүндөгү 230дан ашык жогорку окуу жайларында билим деңгээлин жогорулата алышат. Ал эми артыкчылыктуу адистиктердин тизмесине 262 адистик кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков