Энергетика министрлиги жылды жыйынтыктады

Энергетика министрлиги жылды жыйынтыктады

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча көмүр суутек чийки затын, жер казынасын пайдалануучулардын өнүмдөрүн, жумуштары менен кызматтарын сатып алуунун жана уран өндүрүүнүн жалпы көлөмү болжол менен 6,8 триллион теңгеге жакын сумманы түздү. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, жергиликтүү камтуунун болжолдонгон үлүшү 46,5% же 3,1 триллион теңгени түзөт. Мындан тышкары, тармактык мекемелер менен Сhevronдун Астана эл аралык каржы борборунда катталган биргелешкен долбоору Казакстандын үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Келишимдин милдеттенмелеринин алкагында инвестор бул көрсөткүчтү өнүктүрүүгө 108 миллиард теңгеден ашык каражат бөлөт. Белгилей кетсек, буга байланыштуу фонд арыздарды кабыл ала баштады. Башкача айтканда, технология жана IT долбоорлоруна, негизги товарларды чыгарууга жана мунай-газ сектору менен айлана-чөйрө үчүн жабдуулардын бир катар түрлөрүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилет.

Кайырхан Туткышбаев, РКнын Энергетика министрлиги жер казынасын пайдалануу департаментинин мүдүрү:

- Ошондой эле, быйылкы жылы мунай жана газ тармагында унаа жасоону өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун түзүлүшү аталган иштин эң чоң натыйжаларынын бири болду. Бул борбор биздин мунай жана газ тармагындагы ири операторлорунун жардамы менен түзүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин борбор мунай жана газ тармагында эң керектүү товарларды аныктоо боюнча бир катар ири изилдөөлөрдү жүргүздү. Келерки жылы борбор менен бирге жетишилген жаңы жаңылыктар менен бөлүшөбүз деп ишенем.

Энергетика министрлигинин серепчиси өлкөнүн жер казынасын пайдалануу жаатындагы жетишкендиктери менен бөлүштү. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүгө арналган акыркы 3 аукциондун жыйынтыгы боюнча өлкө казынасына 13 млрд теңгеге жакын каражат түшкөн.

Кайырхан Туткышбаев, РКнын Энергетика министрлиги жер казынасын пайдалануу департаментинин мүдүрү:

- Акчанын баары бюджетке түшөт, жаңы жумуш орундары түзүлүп жатат. Бул демилге өлкөнүн кен байлыктарын геологиялык чалгындоого жана толуктоого инвестиция тартууга өбөлгө түзөт. Электрондук формат иштеп жаткан жараяндын ачык-айкындыгын чагылдырып, натыйжада дараметтүү инвесторлор жаңы аукциондорго катышууга кызыгуучулук таанытып жатат. Министрлик жерди эмес, жер казынасын гана сатаарын бир нече жолу билдирген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков