Чыгыш Казакстандагы абал көзөмөлдө

Чыгыш Казакстандагы абал көзөмөлдө

Казакстандын чыгышындагы өрткө коркунучтун бешинчи категориясы берилди. Тарханка жана Улан райондорундагы өрт өчүрүлдү. Бул жерде күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлгөн. Азыр бардык күчтөр Курчим районундагы жалын менен күрөшүү үчүн мобилизацияланды. Ал жерде тилсиз жоо 1300 гектар аянтка жайылган. Өрттү өчүрүүгө 300гө жакын адам, 30дан ашык техника жана 2 тик учак тартылган. Өзгөчө кырдаалдар боюнча штабдын брифинги күнүнө эки жолу өткөрүлүүдө. Чыгыш Казакстан облусунун акими Даниал Ахметов социалдык тармактагы баракчасына Глубокое районунун Каменный карьер айылынын тургундарына эч кандай коркунуч жок экенин айтып, элди эвакуациялоо тууралуу маалыматты четке какты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков