Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде жайгаштыруу жайларында чет өлкөдөн келген 228 миңге жакын конокко кызмат көрсөтүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, өлкөгө 106 миңден ашык адам жеке максатта, 121 миңден ашуун адам бизнес жана кесиптик максатта келген. Казакстанга өзгөчө Орусия, Түркия, Кытай, Индия, Өзбекстан, ошондой эле АКШ жана Германиядан саякатчылар көп келишет. Аймактардын ичинен Алматы, Астана жана Шымкент шаарлары тейленген туристтердин саны боюнча алдыда. Ошол эле учурда курорттук аймактарга келгендердин эң көп саны Алматынын тоо кластеринде байкалган. Эс алуучулар Мангыстау жана Щучье-Бурабай курорттук аймактарын тандашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков