Казакстан көмүр экспортун арттырды

Казакстан көмүр экспортун арттырды

Казакстанда көмүр экспортунан түшкөн кирешенин көлөмү эки эсеге өстү. Жыл башынан бери 7 айда 19 миллион тоннадан ашык көмүр экспорттолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22%га көп. Мындай маалыматты Биринчи насыялык бюро билдирди. Экспорттун көбөйүшүн серепчилер энергетикалык каатчылыкты башынан кечирип жаткан Европадагы көмүргө болгон суроо-талап менен байланыштырат. Негизги багыттардын бири - Швейцария. Мында камсыздоо эки эсеге көбөйгөн. Польшага экспорттун көлөмү 127 эсеге өстү. Ал эми Болгарияга жеткирүү дароо 860 эсе артты. Кипр менен Бельгия казак көмүрүн жигердүү сатып алуучулардын катарына кирет. Коңшу өлкөлөргө келсек, Казакстан кара отундун көбүн Орусияга экспорттойт. Ал жакка экспорттун көлөмү быйыл 12 пайызга жакын өстү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков