Казакстандык кымызга суроо-талап артып келүүдө

Казакстандык кымызга суроо-талап артып келүүдө

Казакстанда кымыз өндүрүшү күч алууда. Себеби, бул дарылык өнүмгө ички суроо-талап башка өлкөлөрдөнда өсүп жатат. Бүгүнкү күндө ата мекендик кымыз негизинен Орусия, Кытай, Түркия, Германия, Францияга экспорттолот. Өлкөдө бээ саап, ишин илгерилетип жүргөндөр жок эмес. Борбор калаанын жанында пайдалуу ишти колго алгандардын бири-Батырбек Кошкарбаев. Анын чарбасында камбар ата өнүмү кышы-жайы үзүлбөйт.


Батырбек Кошкарбаев, фермер:


- Азыр 4 бээни байлап жатабыз. Күнүнө болжол менен 20 литр кымыз чыгат. Калк акырындап үйрөнүп жатат. Мындан тышкары, саамал ичкенге келгендер бар. Эгер суроо-талап көбөйсө, бээлердин санын көбөйтөбүз. Бирок 20га чейин бээ байлоо пландарыбыз бар.


Кымыз менен саамалдын дарылык касиети өлкөгө жакшы белгилүү. Бүгүнкү күндө бул өнүмдү өндүрүү жолго коюлган. Патенттелген түрлөрү көп. Аларды жасоо ыкмалары да көп кырдуу. Дарыгерлер капсула түрүндөгү азыктар эч кандай айыктыруучу касиетке ээ эмес деп ырасташат, керектеген учурда тек гана сублимация ыкмасы менен жасалганын алуу керектигин айтышат. Бул табигый өнүмдү -55 градус температурада тоңдуруп, күлмайдага (порошокко) айлантуунун жолу.


Бакытжан Бимбетов, медициналык борбор дарыканасынын гастроэнтеролог дарыгери:


- Медицинанын атасы Боткин айтат: ал өпкө оорусуна каршы бирден-бир айыктыруучу суусундук деп. Кышында саан мал саамалына келсек, бул, албетте, жакшы. Кичине болсо да айырма болушу мүмкүн. Бирок бул натыйжага таасир этпейт. Анын да натыйжасы оң болот дегенди билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков