Түркестан дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарларынын тизмесине кириши мүмкүн

Түркестан дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарларынын тизмесине кириши мүмкүн

Түркестан дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарларынын тизмесине кирген Казакстандын үчүнчү шаары болушу мүмкүн. Эскерте кетсек, бул катарга 2022-жылы биринчи болуп Тараз кирсе, бир жылдан кийин Алматы кошулду. Эми Түркестандын дүйнөлүк популярдуулукка ээ болуусуна, үстүбүздөгү айда ачыла туран кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы себеп болушу мүмкүн.  Жаңы туристтик комплекс аймактын маданий көрүнүшүнүн маанилүү бөлүгүнө айланып, саякатчылардын агымын көбөйтөт. Аймагы 2 жарым гектарды түзгөн комплекстеги чеберканаларда кол өнөрчүлөрдүн колдонмо буюмдары жайгашат. Алардын бири-Болат Исабеков. Чебер сөөк, териден жана жыгачтан айкелдерди, сүрөттөрдү жана азем белектерди жасайт.

Болат Исабеков, кол өнөрчү:

- Бул кол өнөрчүлүк буюмдары далы сөөктөрүнөн, жиликтен, туяктан, томуктан жасалган. Мен өзүм сүрөтчүмүн, ал эми бул кол өнөрчүлүк менин хоббим.

Түрк дүйнөсүнүн руханий борборунун тарыхы менен таанышуу жана ыйык шаардын дараметин баалоо үчүн Азия-Тынч океан аймагы боюнча Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин серепчилери менен Түштүк-Чыгыш Азия кеңешинин өкүлдөрү келди.

 

Сохан Кумар Джа, эксперт, Индия:

- Абдан кооз шаар-маданият, тарых жана салттардын мекени. Мунун баары мурдагы калыбындай сакталып калганына таң калдык. Бул биринчи кезекте мамлекет салттуу кол өнөрчүлүктүн жанданышын колдогонун көрсөтүп турат. Түркестанда жергиликтүү кол өнөрчүлөр уникалдуу буюмдарды жасап жатышат. Бул жерде биз улуттук карапа искусствосунун тарыхы менен тааныштык. Эң таң калычтуусу балдардын ата-бабаларынын кесибине болгон кызыгуусу. Бул Казакстан элинин каада-салтын, маданиятын жана тарыхын сактап калууга, аларды жандандырууга болгон умтулуусун айгинелейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков