РЕФЕРЕНДУМ-2022: борбор калаанын тургундары добуш берүү үчүн кезекке турууда

РЕФЕРЕНДУМ-2022: борбор калаанын тургундары добуш берүү үчүн кезекке турууда

Республикалык референдум эл аралык байкоочулардын көңүл чордонунда. Алар эртең менен маанилүү өнөктүк өтүп жаткан жерлерди кыдырып, алардын иштери менен таанышып жүрүшөт. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар тобунун өкүлдөрү борбор калаанын Улуттук китепканасында түзүлгөн №111 участкасынын иши менен таанышып, андагы аткарылып жаткан иштерге оң баасын беришти.

Сабир Гаджиев, КМШ байкоочулар тобунун координатору:

- Бул бөлүмдү эртең мененки саат 7де ачууга келгенде жарандардын активдүүлүгү жогору экенин байкадык. Бул биринчиден адамдардын жигердүү турмуштук позициясын чагылдырат. Тагыраагы өз өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер эместигинин белгиси. Биз буга ынандык. Чынын айтсам, алар жекшемби күнү саат он-он бирде ойгонуп келишеби деп ойлогом. Андай болгон жок. Эртең мененки саат жетиде добуш берүүгө ынтызар болгондордун катары көп болду. Бул абдан жакшы көрсөткүч.

Дмитрий Кобицкий, КМШ Парламент аралык ассамблея кеңешинин башкы катчысы

- Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын даярдыгын жогору баалайм. Биз алардын участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары менен активдүү иштешип жатканын көрүп жатабыз, алардын баары квалификациялуу. Бир сөз менен айтканда маанилүү саясий өнөктүккө ар тараптуу даярданган.

Референдум алдында чет элдик байкоочулар Борбордук комиссияда, Конституциялык кеңешмеде, Мажилисте жана Сенатта болушту. Айта кетсек, анын төрагасы Маулен Ашымбаев менен мамлекеттик катчы Ерлан Карин алардын шайлоо участкаларында болушуп, конституциялык укуктарын пайдаланып, өз тандоолорун жасашты.

Маулен Ашымбаев, Парламент Сенатынын Төрагасы

- Дегеле, биздин Конституциябыздын негизги принциптеринин бири – бийликтин булагы эл экенин белгилей кетүү керек. Эл гана. Бүгүнкү күндө Конституциянын бул принциби иш жүзүндө ишке ашып жатканын көрүп жатабыз.

Ерлан Карин, Казакстандын мамлекеттик катчысы:

- Бүгүн добуш берүүгө казакстандыктардын басымдуу бөлүгү келет деп ишенем. Анткени бул аралыкта аймактарга чыгып, ал жактагы коомдук активисттер, интеллигенция, жаштар менен көп жолугуп келдим. Негизинен мен аймактарды кыдырганымда бул реформалар өлкөдө чоң кызыгууну жаратканына күбө болдум. Көптөгөн жарандар бул референдум күнү, тагырагы кулжа айынын 5и күнү шайлоо участкларына келип өз добуштарын беребиз деп айтып жатышты.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы №111 шайлоо тилкесинде 3511 шайлоочу катталган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков