Казакстанда 19 миллион 169 миң 550 адам жашайт. Бул өлкөдө жүргүзүлгөн улуттук эл каттоонун алгачкы жыйынтыктары. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри президент Касым-Жомарт Токаевге маалымдады. Аскар Мамин белгилегендей, казакстандыктардын 49 пайызга жакынын эркектер, 51 пайызын аялдар түзөт. 11 миллиондон ашык адам эмгекке жарамдуу деп табылды. Ал эми этникалык курамдагы казактардын үлүшү 70%ке жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков