Казакстанда бир нече жашыл долбоорлор пайдаланууга берилет

Казакстанда бир нече жашыл долбоорлор пайдаланууга берилет

Казакстанда кайра жанма энергия булактарынын дагы бир нече комплекстери ишке киргизилет. Кызылорда облусунда 12 миллиард теңгеге күн станциясын ишке киргизүү пландалууда. Акимчиликтин маалыматынын негизинде станцияны куруу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Облуста мындай 9 станция иштеп жатат. Алардын кубаттуулугу 88 МВтты түзөт. Анын үчөөндө чет элдик инвесторлордун үлүшү бар. Алар британиялык, француздук жана орусиялык инвесторлор. Ал эми кытайлык компания Жетису аймагындагы шамал станциясын курууга инвестиция салат. 50 МВттан ашык кубаттуулуктагы долбоордун баасы 23,5 миллиард теңгеге бааланган. Мындан тышкары облуста альтернативдик энергетика тармагына тиешелүү 3 жаңы объект курулат. ГЭСтин курулушуна казакстандык ишкерлер инвестиция салышкан. Жамбыл облусунда дагы бир шамал электр станциясы курулушу мүмкүн. Анын кубаттуулугу 1 ГВт болот. Долбоорду ишке ашырууга кытайлык инвесторлор кызыкдар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков