К.Токаев мамлекеттик сыйлыктарды жана аскердик чиндерди тапшырды

К.Токаев мамлекеттик сыйлыктарды жана аскердик чиндерди тапшырды

Касым-Жомарт Токаев мамлекеттин стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылып жаткан мекендештерине ыраазычылык билдирип, антына бекем болуу, мамлекетке, элге татыктуу кызмат кылуу ыйык милдет экенин белгиледи. Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы да катышуучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Жеңиш күнү менен куттуктады. Президент белгилегендей, бул майрамдар муундар ортосундагы үзгүлтүксүздүктү чагылдырып турат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Ар бир жарандын милдети – мамлекеттүүлүгүбүздүн ишенимдүү пайдубалын сактап калуу. Бул да өмүрүн аскердик кызматка арнагандардын кесиптик милдети. Казакстан тынчтыкты сүйгөн мамлекет. Биз бардык чет мамлекеттер менен достук мамиледебиз. Биз мамлекеттердин ортосундагы ар кандай маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү зарыл деп эсептейбиз. Бирок, биз ар кандай шарттарга даяр болууга кайдыгер карабайбыз.

Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, улуттук коопсуздук тутумун чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн жана укук тартибин камсыз кылуу өлкөнүн айныгыс артыкчылыктары жана эң маанилүү милдеттери деп атады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Мамлекет укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүнү ырааттуу түрдө кеңейтүүдө. Инфраструктура жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу бара-бара жакшырып, каржылай колдоонун көлөмү көбөйүп, социалдык төлөмдөр өсүүдө. Аскер кызматкерлери, атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, күч органдарынын ардагерлери ар дайым мамлекеттин жардамына жана камкордугуна ишене алышат.

Мадияр Басшыбаев, Жетису облусунун прокурору, ІІ даражадагы «Айбын» орденинин ээси:

- Бүгүн Ата Мекенди коргоочулар күнүн утурлай президентибиздин колунан жогорку сыйлык алуу чоң сыймык. Мен өзүмдүн берилгендигимди жана ыраазычылыгымды билдиргим келет, ошондой эле кесиптештеримди жана бардык казакстандыктарды келе жаткан майрамдары менен куттуктайм. Тынчтык жана бакубатчылык каалайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков