Быйыл 14,5 миң адам Казакстандын жарандыгын алды

Быйыл 14,5 миң адам Казакстандын жарандыгын алды

Жыл башынан бери 14,5 миң чет элдик Казакстандын жарандыгын алды. Алардын 11 миңден ашыгы кандаштар. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, келгендердин негизги үлүшүн Өзбекстандан 8 жарым миң адам, экинчи орунда Орусиядан 2 миңден ашуун адам, андан ары Түркмөнстан, Кытай жана Кыргызстандан келгендер. Министрлик 2022-жылы 22 миңден ашуун өлкөнүн толук кандуу жашоочусу болгонун, анын ичинде 17 жарым миң этникалык казактар ​​экенин эске салды. Акыркысы, мыйзамга ылайык, жөнөкөйлөштүрүлгөн форматта казак жарандыгын алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков