Жыгач чебери

Жыгач чебери

Түркестандык чебер жыгачтан оюу өнөрүн кайра жандандырууда. Абдиманап Мырзабай кадимки дөңгөчтү көркөм чыгармага айлантат. Чебер жаңгак дарагынан, карагайдан оймо-чиймелери менен идиш-аяк жана музыкалык аспаптардын түрлөрүн жасайт. Адатта ал, бир чыгармасы менен бир жума бою иштейт. Бирок анын бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан эмгектери да жок эмес. 30 жылдык тажрыйбасы бар чебердин колунан жасалган эмгектердин так санын эсептеп чыгуу кыйын. Азыр Абдиманап Мырзабай жаш муундарга өз билгенин үйрөтүүдө.

Абдиманап Мырзабай, көркөм эмгек сабагынын мугалими:

- Бул жерде бизде чыгармачылык эркиндик бар. Ар кандай дарактан кооз нерселерди жасоого болот. Бирок сиз аны менен кантип иштөөнү билишиңиз керек. Ар бир даракка өзүнчө мамиле жасоо керек. Биз аны кесип эле тим болбостон, кайра иштетип, кургатып алабыз.

Ернур Есиркеп, окуучу:

- Менин устатым өз ишинин чебери. Мен дайыма аны менен кеңешем. Кадимки жыгачтан бизде ушундай сулуулук пайда болот. Ал бизди тыкан болууга үйрөтөт. Эмгектерибиз менен сынактарга катышабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков