Бакуда СПЕКА саммити өтүүдө

Бакуда СПЕКА саммити өтүүдө

Бүгүн Баку түрк дүйнөсүнүн көңүл чордонунда. Ал жакта БУУнун Борбор Азия экономикасы үчүн атайын программасы болгон СПЕКА саммити башталат. Ага Азербайжандын президенти менен бирге Касым-Жомарт Токаев жана башка республикалардын башчылары катышат. СПЕКА 1998-жылы БУУ тарабынан туруктуу өнүгүүгө жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө түрткү берүүчү платформа болуп түзүлгөн. Программанын дагы бир маанилүү максаты – региондогу республикалардын Европа менен Азиянын экономикасына интеграцияланышына жардам берүү. Жыйындын катышуучулары бир катар маселелерди, атап айтканда, жеткирүү түйүндөрүн активдештирүү, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү, ошондой эле атайын фонд түзүү маселелерин талкуулоону пландаштырууда. Мындай жолугушуулар ар бир катышуучу мамлекеттин, жалпы аймактык мейкиндиктин жана континенттин чегинен тышкары өнүгүү дараметин ачат, деп белгилешет серепчилер.

Мирас Жиенбаев, КР Президенти алдындагы Казакстандын стратегиялык изилдөө институтунун алдыңкы серепчиси:
- Бул биздин БУУга болгон урматыбызды жана берилгендигибизди билдирүүчү дагы бир жакшы жолугушуу болгону турат. Себеби, ал башкы эл аралык уюм катары саналат. Муну менен катар, Азербайжан Президенти Ильхам Алиевди колдоонун бир мүмкүнчүлүгү деп ойлойм. Бүгүнкү күндө Азербайжан өлкөбүздүн башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Казакстан быйыл Түрк мамлекеттеринин уюмуна төрагалык кылат. Казакстан төрагалыгындагы биз көтөргөн демилге – «Түрквижн» деп аталат. Анын алкагында биз өзүбүздүн жалпы тарыхыбызды изилдөөдөн тышкары, азыркы кызматташтыктын жаңы мезгилине өтүп, экономикалык байланышты бекемдөөгө умтулабыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков