Казакстандын белгилүү саясий жана коомдук ишмерлеринин жеке буюмдары борбор калаадагы Президенттик борбордун дубалында атайын көргөзмөгө коюлду. Көргөзмө Мухаметжан Тынышпаев, Мустафа Шокай, Сакен Сейфуллин жана Турар Рыскулов сыяктуу көрүнүктүү тарыхый инсандардын мааракелерине арналган. Көргөзмө жалпысынан 170ке жакын уникалдуу буюмдарды камтып, алар өлкөнүн ар кандай музейлеринен жана архивдеринен чогултулган. Бул сейрек кездешүүчү сүрөттөр, китептер, документтер, жарым-жыртылай кол жазмалар жана башка баалуу буюмдар. Көргөзмөнүн борбордук экспонаттары Мустафа Шокайдын мөөрлөрү жана байыркы басма машинкасы, ошондой эле Турар Рускуловдун жубайы Азиза Түбековнанын сандыгы болду. Белгилүү болгондой, соңку буюм белгилүү инсандын урпактарынын үй-бүлөсүндө көпкө сакталып, небереси тарабынан музейлердин биринин фондуна өткөрүлүп берилген. Бардык материалдар бул инсандардын өмүр жолу жана казак мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу баяндап, алардын мурастарынын маанилүүлүгүн түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Көргөзмө менен бардык каалоочулар жыл аягына чейин тааныша алышат.
Адель
Рыскулова, Т. Рыскуловдун небереси:
- Ал Алматыдан Москвага чейин саякаттаганда, турмушка чыкканда, кийин Алжир лагеринде дайыма ушул сандыгын ала жүргөн. Бүт үй-бүлөсү репрессияга кабылган, башкача айтканда, анын жубайы Азиза Түбековна, анын апасы жана менин кичинекей апам 1938-жылы «Алжир» - Мекенге чыккынчылык кылгандардын аялдарынын Акмоло лагерине жөнөтүлгөн. Мындай иш-чаралар улуу инсандардын, коомдук саясий ишмерлерибиздин мааракелери болгондо эле эмес, бардык учурда эскерип туруу өтө маанилүү деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

