Маңгыстау атайын экономикалык аймактарында 40тан ашык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда Алардын 28и Актау деңиз портунун аймагында жайгашкан. Жалпы баасы дээрлик 758 миллиард теңгеге жакын. Бул тууралуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, облустун дагы бир аймагында - Улуттук өнөр жайлык мунай химиялык технопаркында 13 долбоор ишке ашырылууда. Бул жерде углеводород чийки заты терең иштетилет жана кошумча наркы жогору болгон атаандаштыкка жөндөмдүү мунай-химиялык продукциянын кеңири спектри чыгарылат. Алар углеводород чийки затын кайра иштетүүгө жана жогорку кошумча нарк менен атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүгө багытталган. Ошентип, комплекстүү газ-химия комплексин, пластмассадан, полимерлерден кутулоо продукциясын чыгаруучу заводдорду жана башка өнөр жай объектилерин куруу улантылып жатат. Адистердин айтымында, атайын экономикалык аймак Маңгыстау облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков