Казакстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода алмашуусу өткөн жылы 20 пайызга өсүп, 61 миллиард долларга жетти. 20 жылдан ашык убакытта катышуучу мамлекеттердин ортосундагы аймактын ички соодасы дээрлик 100 эсеге өстү. Эми соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү маанилүү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 22-отурумунда республиканын Премьер-министри Алихан Смаилов билдирди.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-Министри:
- Электрондук
соода келечектүү тармактардын бирине айланып бара жатат. Ар кандай эсептөөлөр
боюнча, быйыл ШКУ өлкөлөрүндө электрондук сатуудан түшкөн жалпы киреше болжол
менен 1,5 триллион долларды түзүшү мүмкүн. Биз биринчи кезекте бажы
процедураларын жөнөкөйлөтүү аркылуу электрондук сооданы колдоо үчүн колдон
келгендин баарын жасашыбыз керек. Бул үчүн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бажы органдары
жетекчилеринин кезексиз жыйынын өткөрүүнү сунуштайм. Казакстан “Бир алкак, бир
жол” глобалдык долбоорун ишке ашырууга жигердүү катышууда. Казакстан жүк
транзитинин көбөйүшүнө жана «Казакстан-Түркмөнстан-Иран» темир жол байланышынын
ийгиликтүү иштешине кызыктар.
Стратегиялык
порттордун жана логистикалык борборлордун өнөктөштүк тармагын түзүү
кызматташууга түрткү берет. Өкмөт башчысы аймактагы эл аралык каттамдарды эске
алуу менен жаңы оптималдуу ыкмаларды иштеп чыгууну сунуштады. Өз ара
эффективдүү кызматташуунун дагы бир маанилүү фактору – заман агымынан артта
калбоо. Уюмдун өлкөлөрү экономикасынын технологиялык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине
өтүүсүн тездетүү зарыл. Премьер-министр Алихан Смаилов катышуучуларды
2024-жылдын бирдин айында өтө турган Digital Almaty санарип форумуна катышууга чакырды. Ал Шанхай
кызматташтык уюмунун мейкиндигинде санариптик хабды түзүүгө арналган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков