Баанын өсүшү көңүл борборунда. Мындан ары турукташтыруу фонддору үч этаптуу жаңы ыкма менен иштейт. Ага ылайык, сезон аралыкта жашылчалардын баасын дароо көтөрбөстөн, келерки сезонго даярдык көрүү үчүн негизги азык-түлүк өндүрүүчүлөргө колдо болгон каражаттарды бөлүү максатында пайдаланылат. Тиешелүү сунуш Азык-түлүккө болгон баа маселелери боюнча кеңеште айтылды. Жыйында дилерлерди аныктоо жана баа тизмегин талдоо боюнча аймактык комиссиялардын иши талкууланды. Премьер-министрдин орун басары соода жана интеграция министри Серик Жумангарин аймактык комиссияларга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чукул чараларды көрүп, жаңы сунуштардын негизинде иш алып барууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков