Казакстандык каскадёрлор Жеки Чандын жаңы тасмасынын тартуу аянтчасында болду

Казакстандык каскадёрлор Жеки Чандын жаңы тасмасынын тартуу аянтчасында болду

Казакстандык каскадёрлор дүйнөгө белгилүү Жеки Чандын тасмаларына катышуусу мүмкүн. Ата мекендик "Nomad Stunts" эл аралык кесипкөй каскадёрлор тобу легендага айланган инсан менен жолугушту. Азыр анын Кытай Эл Республикасында жаңы тасмасы тартылып жатат.

Жайдарбек Күнгожинов, «NOMAD STUNTS» эл аралык кесипкөй каскадёрлор тобунун жетекчиси:

 

Аны менен жолугууну көптөн бери пландап жүргөм. Жеки Чандын командасындагы балдар менен көп иштештим. Бирок аны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бул жолу көптөн күткөн кездешүү болду. Орток темада кызыктуу маек куруп, бир катар маселелерди талкууладык. Бештин айында дагы жолугууга макулдаштык. Кызматташуунун көлөмүн кененирээк талкуулайбыз. Ал өзүнүн жардамчысына бизден резюме, шоу-ролик сыяктуу маалыматтарды алууну тапшырды. Кыштын алгачкы айында бош убактысы болорун билдирди. Ошол жолугушуудан үмүтүбүз чоң. Биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышыбыз мүмкүн.

 

Ата мекендик каскадёрлор катышкан акыркы масштабдуу долбоорлордун бири Ридли Скотттун "Наполеон" тарыхый тасмасын тартуу. Бул тасма жакында дүйнө жүзү боюнча сатыкка чыгат. Бүгүнкү күндө Казакстандын тармак адистери башка белгилүү эл аралык долбоорлорго катышууда. Жумуш процесси бир нече ай мурда пландаштырылган.

 

Жайдарбек Күнгожинов, «NOMAD STUNTS» эл аралык кесипкөй каскадёрлор тобунун жетекчиси:

 

Жакында 7-8 адам Болливудка аттанат. Мен дагы 5 команда мүчөсүн Европага алып кетем. Европадагы долбоорду убактылуу токтоткондон кийин мен Индиядагы кесиптештериме кошулам. Түркия менен бирге жасай турган эки долбоор бар. Эми өзбек кино өндүрүшү менен дагы бир долбоорду баштадык. Биз ошол өлкөдө заманбап экшн тартабыз. Эми ага жигиттер шайланып жатат. Мындай долбоорлор көп. Бизде азыр айтылбай турган жаңылыктарыбыз бар. Сүйлөшүүлөр жакшы өтсө, конкреттүү маалымат чыкса, анын жыйынтыгы менен сөзсүз бөлүшөбүз.

 

Белгилей кетсек, казакстандык каскадёрлор тобу дүйнөлүк деңгээлде өз тармагында мыкты деп таанылган. «Nomad Stunts» тобунун мүчөлөрү "Мулан", "Падышага кат", "47 ронин", "Кол тийбес 2", "Энеге жол", "Чал" жана башка көптөгөн популярдуу тасмаларды тартууга катышкан. Ал эми "Томирис" тасмасы үчүн «Таурус» сыйлыгын алган. Бул сыйлык каскадёрлордун "Оскары" деп аталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков