Казакстандын май өнүмдөрү ЕБ өлкөлөрүнүн рыногунда. Өлкөбүз биринчи жолу өсүмдүк майын Францияга, Германияга, Польшага жеткире баштады. Май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчүлөрдүн улуттук ассоциациясынын алдын ала божомолу боюнча, бул сезондо күн караманын экспорту эки эсеге өсүп, 180 миң тоннага жетиши мүмкүн. Дүйнөлүк жеткирүүгө келсек, кийинки эки жылда 10 миллион тоннадан ашат деп күтүлүүдө, бул былтыркыдан 8% га көп.
Татьяна Костина, Май заводунун мүдүрү:
Чын куран айынан бери жаңы базарлар пайда болду. Францияга, Балтика өлкөлөрүнө, Германияга, Польшага май экспорттойбуз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла баштады.
Биздин өлкө Кытайга да май экспорттойт. 2022-жылы гана бул өлкөгө өнүм жеткирүү 5 эсеге көбөйгөн. Адистердин айтымында, өндүрүшчүлөр жана соодагерлер Кытайга экспорттун эсебинен жарым жылда 40 миллион доллардан ашык киреше табышты. Айыл чарба министрлиги жаңы экспорттук келишимдерден кийин түшкөн кирешенин көлөмүн эсептеп жатат. Майлуу өсүмдүктөрдүн рентабелдүүлүгү дан эгиндеринен бир нече эсе жогору. Муну эске алуу менен башкармалык айдоо аянтын 600 миң гектарга көбөйтүү милдетин коюп жатат. 3,5 миллион гектардан ашык аянтка күн карама отургузуу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков