Астанада Экинчи дүйнөлүк согуштагы француз жаңжалдарына катышкан казакстандыктар сыйланды. Генерал Шарль де Голлдун эстелигинин жанында уюштурулган иш-чарада Франциянын Казакстандагы элчиси согуш талаасында курман болгон жоокерлер Кабыш Омаров, Кадем Жуманиязо жана Ашимбек Ызыбаевдин туугандарына медалдарды тапшырды. Баатырлар 300 мекендеш жана француз аскерлери менен бирге Тулуза шаарын жана анын айланасын бошотууга катышкан. Өлкөнүн дипломатиялык миссиясынын башчысы казак жоокерлеринин эрдиги жана жан аябастыгы Франция жарандарынын эсинде түбөлүккө калаарын белгиледи.
Сильван Гиоге, Франциянын Уазакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- 80 жылдан кийин биз Францияны бошотууга катышкан казакстандык партизандардын үй-бүлөлөрүнө таазим кыла алдык. Иш-чара тарыхчылардын, элчиликтердин, коргоо министрликтеринин, тышкы саясат мекемелеринин жана башка уюмдардын кызматкерлеринин эмгеги менен өттү. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин дагы бир маанилүү этабы болуп саналат. Бул биздин өткөн тарыхыбыздын терең тарыхый тамырлары бар экендигин көрсөтүп турат.
Арман Жуманиязов, К. Жуманиязодун небереси:
- Көптөн бери чоң атабыз тууралуу маалымат ала албадык. Бул киши Францияда жана Испанияда белгилүү болгон. Ал Француз тарапкерлери менен бирге согушкан. Германиядагы концлагерлерден туткундарды бошотууга жардам берди. Жети тилди өздөштүргөн. Абдан билимдүү адам болгон. Эрдикти даңазалоо иш-чарасы болгонуна биз кубанычтабыз. Бул иш-чараны уюштурууга катышкандарга ыраазычылык билдиребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

