ФИДЕ шахматты мектеп программасына киргизүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын Казакстан менен бөлүшөт.
Бул тууралуу мамлекет башчысы менен Эл аралык шахмат федерациясынын президентинин жолугушуусунда сөз болду. Аркадий Дворкович Астанада дүйнөнүн эң күчтүү 12 шахматчысынын башын кошкон ФИДЕнин кыз-келиндер арасындагы Гран-при сериясынын биринчи этабын Астанада өткөрүү тууралуу айтып берди. Касым-Жомарт Токаев мындай деңгээлдеги иш-чаралар өлкөдө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө Казакстанда шахмат менен 200 миңден ашык адам алектенет, 7 миңден көп секция бар — алардын санын кеминде эки эсеге көбөйтүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, республикада шахматты өнүктүрүү боюнча жол картасы иштелип чыгып, «Шахмат мектепте» деген масштабдуу долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков