Алматыда ачык асман алдында аскерий музей ачылат

Алматыда ачык асман алдында аскерий музей ачылат

Алматыда Жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик техниканын ачык асман алдындагы музейи ачылат. Коргоо министри жаңы объектинин курулушу менен таанышып, анын даярдыгын текшерди. Руслан Жаксылыков депутаттар менен бирге көргөзмөгө барышып, анда коюлган аскердик техникаларды көрүштү. Бул жерде Улуу Ата Мекендик согуштагы курал-жарактардын 30га жакын үлгүлөрү коюлган. Эң баалуу экспонаттардын арасында 1931-жылдагы 152 мм гаубица бар. Музей 28 гвардиялык-панфиловчу жоокерлердин паркындагы мемориалдык комплекстин бир бөлүгү болот. Ал армия үйүнүн аймагында жайгашкан.


Алуа Байкадамова, Улуттук аскерий-патриоттук борборунун Алматы филилалы башчысынын орун басары:


- Бул майрамга атайын даярданып жатабыз. Ачык асман алдындагы жаңы музейге аскердик техникаларды жайгаштырууга жетиштик. Жеңиштин 80 жылдыгына карата жасап жаткан экспозициябыз көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат деп ишенебиз.


Руслан Жангулин, Коргоо министрлигинин расмий өкүлү:


- Анын аймагында, башкача айтканда, 40-жылдары согушка катышкан техникалар бул жерге коюлуп жатат. Учурда аймакта толугу менен жашылдандыруу иштерин жүргүзүп, бул Армия үйүн жалпы шаардын коноктору эс ала турган, саякаттай турган жайга айландырып жатабыз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков