Казакстан президенти ЕККУ башчысын кабыл алды

Казакстан президенти ЕККУ башчысын кабыл алды

Казакстандын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык кызматташтыгы Акордодо талкууланды. Мамлекет башчысы уюмдун учурдагы төрагасы, Польшанын тышкы иштер министрин кабыл алды. Жолугушууда Касым-Жомарт Токаев Казакстан Польшаны Борбордук Европадагы маанилүү өнөктөш катары санай турганын белгиледи. Өз кезегинде Збигнев Рау Президенттин жетекчилиги астында өлкөдө ишке ашырылып жаткан масштабдуу саясий жана экономикалык реформаларга жогорку баасын берди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков