Астана эл аралык форуму 300дөн ашык чет элдик делегатты чогултту

Астана эл аралык форуму 300дөн ашык чет элдик делегатты чогултту

Урматтуу коноктор эки күн бою бүткүл дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырган глобалдык маселелерди талкуулашат. Тактап айтканда, азык-түлүк коопсуздугу, суу тартыштыгы, энергетика жана экология тармагындагы көйгөйлөр сүйлөшүүнүн өзөгүн түзөт. Форумду ачкан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул платформа геосаясий тирешүү маалында мамлекеттердин жигердүү өз ара аракеттенүүсүн шарттай турганын белгиледи. Ошону менен бирге мамлекет башчы Казакстан Чыгыш менен Батыштын, Түндүк менен Түштүктүн тогошкон жери болуп, аймактардын экономикалык локомотиви катары кызмат кылуусун улантып жатканын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аракеттери башка мамлекеттер сыяктуу эле инвестиция тартууга жана бизнес жүргүзүүгө шарт түзүүгө багытталган. Белгилей кетсек, серепчилердин айтымында, инвесторлордун өлкөгө жана жалпы аймакка болгон кызыгуусу алардын бул иш-чарага активдүү катышуусунан да байкалат. Чет элдик инвесторлор мында биринчи кезекте “жашыл” бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар.

Ернур Рысмагамбетов, АЭКБ администрациясы АК башкарма төрагасы:

- Талкуулана турган негизги тема транспорт жана логистика болмокчу. Башкача айтканда, ортоңку коридор башкы көңүлдө болот. Көптөгөн чет элдик серепчилер өлкөбүз келечекте кайсы багытта өнүгөт, анын стратегиясы кандай болот, ошондой эле экономикалык саясат кайсы багытта барат деген суроолорго жооп издешет. Экинчиден, биз кантип жашыл экономикага өтө аларыбызды түшүнүү баарына кызык, анткени альтернативдик энергетика тармагы инвесторлор арасында, өзгөчө Европа жана Батыш өлкөлөрүндө кызыктуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков