Аяк оона айынын 1 – билим күнү 3,5 миллиондон ашык казакстандык окуучулар мектепке кайтып келишти. 400 миңдей бала биринчи жолу мектеп босогосун аттаса, 170 миңге жакын өспүрүм он биринчи класска барат. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, ата-энелердин 70%дан ашыгы балдарына мамлекеттик тилде билим берүүнү тандашкан. Бүгүнкү күндө өлкөдө 7500дөн ашык мектеп бар, буга кошумча 80 жаңы билим берүү борборлору эшигин ачты. Жыл аягына чейин 230дан ашык билим берүү мекемелерин пайдаланууга берүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков