Казакстандык илимпоз мыкты аталды

Казакстандык илимпоз мыкты аталды

Мыктыларды Стэнфорд университетинин серепчилери аныкташты. Рейтинг окумуштуунун эмгек жолунда жана өткөн жылдагы анын эмгегине көп таянуу факторлорунун негизинде түзүлдү. Бүгүнкү күндө ал бир нече беделдүү инновациялык долбоорлор сынактарынын жеңүүчүсү. Мамлекеттин колдоосу менен тажрыйбалык-өнөржай аянтын түзүп, изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Алардын бири кремнийден жана чоподон жасалма шагыл жасоо. Окумуштуу мүнөздөмөсү боюнча материал өзүнүн табигый эквивалентинен ашып, баасы жол куруучуларга жеткиликтүү экендигин айтат.

Сарсенбек Монтаев, Жаңгир хан атындагы БКАТУ профессору:

- Акыркы убакта сууну булгаган учурлар көп катталууда. Айрыкча жер астындагы суулар, жер үстүндөгү дарыя суулары, аларды кантип тазалоо керек. Ал суулардын зыяндуу заттарын, оор металлдарын сактап калуу зарыл. Ага керектүү чыпка сорвент деп аталат. Фильтрлердин технологиясын жасап,  өзгөчөлүгү табигый чийки заттардан алынат.

Батыш Казакстан облусунда 60 миллион тоннадан ашык кен жайлары бар. Окумуштуунун айтымында, андагы казуу иштерин ата мекендик биофильтрлерди өндүрүүдө колдонууга болот. Сарсенбек Монтаев бул долбоорду жаш окумуштуулар менен биргеликте ишке ашырууда.

Алия Оразова, Казань илимий-изилдөө техникалык университенинин аспиранты:

- Биз илимий жетекчибиз менен бирге Казакстандын айыл чарбасында колдонулуп жаткан ичүүчү сууну жана тиричилик булактарын тазалоо маселесин жүргүзүп жаткан илимий иштерде талкуулайбыз. Биз сууну жергиликтүү чийки зат – чопо чийки зат, опука, диотамид сыяктуу Кремний тектери менен тазалоону карап жатабыз. Ал менин илимпоз болуп калыптанышыма чоң салым кошту. Анын жетекчилиги астында бир топ иштер аткарылды. Изилдөөлөрдүн натыйжалары жогорку даражалуу журналдарда жарыяланды.

Ошол эле учурда окумуштуу айыл чарба, экология жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагында ресурстук жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды иштеп чыгуу менен алектенет. Ал бардык идеялары ишке ашып, жаңы технологиялар Казакстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири суроо-талапка ээ болот деп ишенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков