Швейцарияда
өткөн иттердин дүйнөлүк мелдешинде казакстандык эки тайган эң мыкты деп
табылды. 2023-жылкы Бүткүл дүйнөлүк иттер көргөзмөсүндө таанылбаган породалар
тобунда эң жогорку наамдарды казакстандык эки ит да алды. Маселен, «Тумар» аттуу
тайган «Пароданын мыкты өкүлү» жана «Женевада өткөн дүйнөлүк чемпионаттын
жеңүүчүсү» наамдарына татыктуу деп табылды. Бул жеңишке 2006-жылдан бери
умтулуп келе жатышканын Улуттук тайгандар клубунун жетекчиси Елена Хардина
айтат. Белгилей кетсек,
жылдын эң күчтүү төрт буттуу таймашында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 20
миң иттин өнөрү жана сапаттары сыналган. 150 эл аралык калыстар 200дөн ашуун
породалардын өкүлдөрүнө баа беришти. Эми айта кете турган нерсе, Казакстан Эл
аралык кинология ассоциациясынын толук кандуу мүчөсү болду. Ошентип, мындан ары
казак тайганы менен добөтүнө ар кандай эл аралык мелдештерге катышуусуна жол
ачылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков