Робототехникага кызыккан окуучулар көбөйдү

Робототехникага кызыккан окуучулар көбөйдү

Учурда республика мектептеринин жанында 3000ден ашык ийримдер иштейт. Алардын бири Атырау облусунун таланттуу балдар үчүн улуттук гимназиясында ачылды. Азыр мында 40ка жакын жаштар илимий иштер менен алектенип жатышат. Алар ушул кезге чейин 50дөн ашык роботторду кураштырган. Мисалы, мектеп окуучусу жасаган Сумоо роботу оор нерселерге туруштук бере алат. Ал эми Акниет Балтабек ойлоп тапкан аппарат чындыгында кызыктуу. Ал жети байлыктын бири саналган иттин түспөлүн кураштырган. Акылдуу жаныбар буюмдардын баарын алып келип берет.

Акниет Балтабек, окуучу:

- Келечекте дагы түрдүү моделдерди ойлоп табуу пландарым бар. Мен жаңы функцияны ойлоп жатам. Бүгүнкү күндө бул тармак абдан популярдуу болууда. Робототехника менен 9-класстан бери алектенип келем. Ага чейин 4-5 роботтун түспөлүн кураштырдым. Алар да ушундай жаныбарлардын түспөлдөрү болчу.

Гүлмайра Ибрагимова, робототехника ийриминин жетекчиси:

- Ийримге катышкан балдар эл аралык, облустук олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жүрүшөт. Мен муну  сыймыктануу менен айта алам. Негизинен робототехника балдардын ой жүгүртүүсүн, интеллектуалдык жөндөмүн ачат. Жакын арада көптөгөн сынактар ​​болмокчу. Биздин максатыбыз балдарыбыздын эмгегин көрсөтүү.

Гимназиянын окуучулары кураштырган робототехника өзгөчө тырышчаактыктын жана терең изденүүнүн натыйжасы. Эми бул эмгек бааланып, колдоого ээ болуу үчүн жаш окумуштуулар үчүн илимий борборду ачуу көздөлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалкбеков