Казакстанда Абайдын 180 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жатат

Казакстанда Абайдын 180 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жатат

Казакстандын бардык аймактарында Абайдын 180 жылдыгы кеңири белгиленүүдө. Мисалы, Алматы шаарында казак акыны жана агартуучусуна арналган жаңы эмгектер тартууланды. Алар: «Абайдын өрнөктүү адам тууралуу окуусунун негиздери» аттуу илимий иш жана «Улуу Абай менен үндөшүү» аттуу поэтикалык жыйнак. Акыркысына казак жазма адабиятынын негиздөөчүсүнүн чыгармачылыгынан шыктанган окуучулардын, студенттердин жана жаш акындардын ырлары кирген.

Ал эми Семей шаарында Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгына карата спорттук иш-чара башталды. Ультрамарафон шаар менен Карауылтөбө дөңсөөсүнүн ортосундагы 180 чакырым аралыкта өтүүдө. Жарышка Казакстандын ар кайсы аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 100дөн ашык кесипкөй спортчулар жана ышкыбоздор катышууда.

Мендибай Алимгазин, катышуучу:

- Мен Костанай облусунан келдим. Бул менин Абайдын мааракесине карата үчүнчү жолу чуркашым. Буга чейин да казак акынына арналган марафондорго катышкам. 80 чакырым чуркагам. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм! Абайдын мааракеси – биздин жалпы байлыгыбыз!

Ал борбор калаада философтун мааракесине арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында «Жашыл эл» эмгек отрядынын өкүлдөрү ABAI 180 деген символикалык жазууну түзүштү.

Абай скверинда да поэзия окуулары өттү. Акындын чыгармачылыгын сүйүүчүлөр ачык асман алдында анын чыгармаларынан ыр саптарын окушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков