Көз жоосун алган
заманбап шөкүлөлөр борбор калаалык чебердин колунан жасалган. Кылымдар бою бул
казак баш кийими кыздын турмушка чыгып, үй-бүлөлүк жашоону баштоо символу болуп
келген. Шөкүлө тигүү ар кимдин эле колунан келе бербеген өзгөчө бир байыркы
кесип. Чеберлердин баары эле мындай татаал ишке бара бербейт. Тамыры тереңде
жаткан баш кийимдин бул түрүн жасоо үчүн адегенде кээ бир салттарды билүү
жакшы. Ал канчалык кооз жасалгаланса, келиндин үй-бүлөлүк жашоосу да ошончолук
бактылуу болот деген ишеним бар. Чебер Валентина Скирук тигүүчүлүктүн бардык
өзгөчөлүктөрүн эске алууга аракет кылат. Кол өнөрчү атактуу дизайнер Анастасия
Романова менен биргеликте өз колунан жасалган эмгектери менен 200дөн ашык кыз-келинди
кубандырган.
Валентина Скирук,
чебер:
-Бул байыртадан бери
келе жаткан шөкүлөнүн заманбап түрү. Мурда кыздар аларды көп кийишчү. Азыр
алардын сырткы көрүнүшү бир аз өзгөрдү. Ал эми формасы сакталды. Көп учурда
жасалгалоо ар кандай болот. Ошондуктан аны жаңыртуу учурунда маани-маңызын
жоготпоого аракет кылуу керек. Мурун так ушул оюмда жасалган болсо, кийинчерээк
күмүш, алтын сыяктуу баалуу заттардан жасалган зер буюмдар менен кооздолгон. Башкача
айтканда, шөкүлө канчалык кымбатыраак буюмдар менен жасалгаланса, келин бай үй-бүлөдөн деп эсептелген.
Валентина шөкүлө
жасоого бери дегенде 4 күн керектелерин айтат. Анын бир суткасы баш кийимдин формасын
жасоого, калган убактысы кооздоого жумшалат. Чебердин айтымында, турмушунун эң
маанилүү учурунда улуттук стилди тандаган кыз-келиндердин саны артып келет.
Валентина Скирук,
чебер:
-Бүгүнкү күндө
турмушка чыга турган кыздардын 90 пайызы улуттук кийимдерди тандашат деп
ишенимдүү айта алам. Айрыкча казак жигиттери менен үй-бүлө курган чет элдик кыздар
күйөөсүнүн салтын урматтоо үчүн көбүнчө шөкүлө кийүүнү туура көрүшөт. Маселен,
жакында бизге келген англиялык келин казактын улуттук кийимдерин кийип өзүн канышадай
сезгенин айтты. Салттуу кийим үлгүлөрү ага абдан жаккан.
Валентинанын
максаты борбор калаада дүң сатуучу жай ачуу. Бул казак элинин байыртадан келе
жаткан каада-салтын кайра жандандырууга чоң салым болот деп эсептейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков