Түркия борбор калаадагы көчөлөрдүн бирине «Анадолу» деген
ысым ыйгарылганы үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди. Бул кылымды карыткан боордош
өлкөнүн мааракесине чоң белек болду дешет дипломаттар.
Мустафа
Капуджу, Түркиянын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси:
-Казакстандын
президенти Касым-Жомарт Токаевге жана казак боордошторубузга өлкөнүн борборунун
негизги көчөлөрүнүн бирине «Анадолу» деген ысым ыйгарылгандыгы үчүн ыраазычылык
билдиргим келет. Бул Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата чоң мааниге
ээ.
Буга байланыштуу Казакстан менен Түркиянын
ортосундагы мамилелердин дарамети жогорулап жатканын белгилей кетүү керек. Бир
тууган мамлекет — Казакстандын негизги соода шериктештеринин бири. Казакстандын
Соода министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын жети айында эки өлкөнүн өз
ара соода жүгүртүүсү үч жарым миллиард доллардан ашкан. Тараптардын
стратегиялык максаты - ушул жылдын аягына чейин көрсөткүчтү 10 миллиард
долларга жеткирүү болуп саналат.
Мустафа Капуджу,
Түркиянын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси:
-Ушул
жылдын аягына чейин бул максатка жетебиз деп бекем ишенем. Анда жакынкы
жылдарда өз ара сооданы 15-20 миллиард долларга көбөйтүү боюнча жаңы максатты
коёбуз.
Серепчилердин
пикиринде, Түркия лидери Режеп Тайып Эрдогандын жетинин
айында Астанага болгон иш сапары эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелер үчүн
саясий мааниге ээ болот. Күн тартибинде эки өлкөнүн Түрк мамлекеттер уюмунун
алкагындагы ишмердүүлүгүнө жана тараптардын өз ара кызматташтыгынын жаңы
горизонтуна байланыштуу маселелер каралары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, бул
Түркиянын президентинин кайра шайлангандан кийин Казакстанга жасаган алгачкы
сапары болмокчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.