К. Токаев: Казакстан санариптик хабка айланууга тийиш

К. Токаев: Казакстан санариптик хабка айланууга тийиш

Казакстан Евразия аймагынын басымдуу бөлүгү үчүн борбордук санариптик хабга айлануусу мүмкүн. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, улуттук компаниялар ата мекендик IT-коомчулук менен өз ара аракеттенүүгө тийиш. Буга кошумча эбегейсиз маалыматтык жана телекоммуникациялык дараметти ишке ашыруу менен коңшу республикаларга кызмат көрсөткөн заманбап маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү зарыл. Президент жаңы санариптик доордо анын геосаясий мааниге ээ болоруна ишенимин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Улуттук компаниялар IT-коомчулугу менен өз ара аракеттенүү үчүн платформа түзүшүбүз керек. Санариптик муктаждыктар жана квазимамлекеттик сектордун талаптары мүмкүн болушунча ата мекендик компаниялардын күчү менен камсыздалышы керек. Казакстан Евразия аймагынын басымдуу бөлүгү үчүн борбордук санариптик хабга айланууга тийиш. Бул тапшырманы аткаруу үчүн кадрдык ресурстарды чыңдоо зарыл. Премьер-министр мага өзүнүн сунуштарын берсин.

Которгон: Илгиз Жамалбеков