ЖККУнун баш катчысы: операция аяктады

ЖККУнун баш катчысы: операция аяктады

Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн миссиясы аяктады. Аскер кызматкерлерин этап-этабы менен чыгаруу башталды. Алгачкыларынын катарында Орусия Федерациясынын аскер курамы бар. Белгилей кетсек, чет элдик контингентти чыгаруу аземи Кургактагы аскерлердин Аскер институтунун аянтчасында өттү. Жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн аскер кызматкерлерине Казакстандын коргоо министринин атынан ыраазычылык билдирилди. Белгилей кетсек, бейпилдик күчтөрүн чыгаруу бир нече күнгө созулат. Бул үчүн 100гө жакын атайын рейстер каралган.

Станислав Зась, ЖККУнун Баш катчысы:

- Бул күндөрү сиздер жөнөкөй бирок ошол эле маалда маанилүү максат - бир тууган өлкөнүн коопсуздугун, стабилдүүлүгүн камсыз кылуу, анын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого көмөктөштүңүздөр. Бул миссияны ар-намыс менен аткардыңыздар.

Андрей Сердюков, генерал-полковник, кол башчы:

- Кыска убакыттын ичинде жарандардын өмүрүн коргоого салымыңыздарды коштуңуздар. Тынчтык күчтөрү казак элинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чептей туруп беришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков