Казакстан борбору теке айынын 6да 26 жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу борбор калаада 100гө жакын иш-чара өткөрүлөт. Алардын баары 1 күн менен чектелбейт. Айрымдары жайдын аягына чейин созулат. Маселен, “Creative summer” долбоорунун алкагында баш оона айынын 31не чейин ар бир дем алыш күндөрү балдар үчүн оюн-зоок программалары, чыгармачыл топтордун спектаклдери жана флешмобдор өткөрүлөт. Ачык асман алдындагы эң ири иш-чаралардын бири - OPEN AIR. Ал теке айынын 6да Expo аянтчасында өтөт. Шаар тургундарына жана конокторуна ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерти тартууланат. Мындан тышкары борбор калаа күнүн утурлай массалык спорттук иш-чаралар уюштурулат. Алардын арасында - "Жашай бер, жайна - Астанам!" Велопарад, «Толагай» республикалык турнири, «Казакстан маршы», «Астана кубогу» жарышы жана «Мекен жүрөгү – Астана» марафону бар. Белгилей кетсек, учурда борбордо 1,5 миллион адам жашайт. Ал эми шаар саякатчылар арасында популярдуу. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Астанага 1 миллион 300 миңден ашык конок келген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков