Казакстан 5 миллион тонна буудай экспорттойт

Казакстан 5 миллион тонна буудай экспорттойт

Казакстан быйылкы сезондо 5 миллион тоннага жакын дан экспорттойт. Айыл чарба вице-министри Азат Султановдун айтымында, өлкөдө буудайды тышкы рынокторго чыгарууга байланыштуу кандайдыр бир чектөө киргизүү пландалган эмес. Жалпы учурдагы дандын көлөмү ички суроо-талапты толугу менен жаап, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү. Бул жолу эгиндин түшүмү 15,5 миллион тоннадан ашат деп болжолдонууда. Республикада оруп-жыйноо өнөктүгү аяктоо алдында турат. Негизинен жумуштар 90 пайыз аткарылып бүттү.

Азат Султанов, Айыл чарба вице-министри:
- Маркетинг сезону жаңы башталып жатат, эгин жетиштүү. Азыр биз фермерлерди колдоо боюнча болуп көрбөгөндөй чараларды көрдүк. Башкача айтканда, азык-түлүк келишимдик корпорациясы аркылуу фермерлер үчүн абдан ыңгайлуу болгон форварддык макулдашуулар боюнча сатып алуу баасы белгиленди. Каржы министрлигине кайрылуу жолдонду, учурда айрым азык-түлүк корпорациясынын түз сатып алууларына бюджеттик каражаттарды бөлүү жол-жоболору жүргүзүлүп  жатат. Биз 2 жыл бою дыйкандардан дан сатып алабыз.

Астанада Kazagro-2023 көргөзмөсү өтүүдө

Айта кетсек, айыл чарба тармагынын жана агро илимдин акыркы жетишкендиктери менен Астанадагы атайын тематикалык көргөзмөсүндө таанышууга болот. Быйылкы КазАгро иш-чарасына 20дан ашык өлкөнүн айыл чарба адистери катышууда. Алар айыл чарба жана мал чарбачылыгынын өнүмдөрүн сунушташкан. Мындан тышкары, бул жерден ата мекендик жана чет элдик өндүрүүчүлөрдүн эң алдыңкы айыл чарба техникаларын жана акыркы өнөр жай жабдууларын көрүүгө болот. Иш-чаранын максаты – ушул тармак боюнча эл аралык кызматташтык түзүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков