Бугу айынын 1 – Казакстан элинин биримдиги күнү

Бугу айынын 1 – Казакстан элинин биримдиги күнү

Бугу айынын 1 - Казакстан элинин биримдиги күнү. Бул майрам алгач 1995-жылы негизделген жана акыркы 30 жылдан бери өлкө элинин биримдигин даңазалап келет. Элдин биримдиги күнүн мамлекеттик деңгээлде белгилөөнүн өзүнчө мааниси бар. Казакстанда 130дан ашык улуттун өкүлдөрү бир түндүктүн астында жашашат. Этникалык тынчтык жана ынтымак саясаты мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Бул кызыкчылыкка көп жылдар бою кызмат кылып келген Казакстан элинин Ассамблеясы жаңы Конституцияга ылайык «Элдик кеңешке» айланат. Жаңы мамлекеттик институт мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү укугуна ээ болот жана анын курамына бардык аймактар ​​жана этномаданий бирикмелер кирет.


Максим Рожин, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты:


– Бүгүн биз жаңы Конституцияны кабыл алып жатабыз жана жаңы, өркүндөтүлгөн иш форматына өтүүнү көздөп жатабыз, анткени Ассамблея саясий салмагы бар жаңы органга - Элдик кеңешке айланат. Албетте, Элдик кеңеш Ассамблеянын топтолгон тажрыйбасын эске алат. Биримдик күнүндө биз бир казак түндүгүнүн астында тынчтыкта жашап жатканыбызды ачык айтышыбыз керек. Дал ушул ынтымак Казакстан элин бириктирип турган негизги жана бекем элемент болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков