Астанада Nomad Inspiration долбоорунун бет ачары өттү

Астанада Nomad Inspiration долбоорунун бет ачары өттү

Казактардын салттуу бийи менен классикалык балетинин айкалышы. «Астана Опера» театрынын сахнасында Nomad Inspiration программасынын бет ачары болду. Жаркын окуя таланттуу балетмейстер Султанбек Гумардын хореографиялык эмгектерин жана HasSak этно-фольклордук ансамблинин уникалдуу аспаптык музыкасын бириктирди. Спектаклдин жүрүшүндө аталган жамааттын бир катар жаңы чыгармалары тартууланды. Ошондой эле «Астана Опера» симфониялык оркестринин коштоосунда казак элинин улуттук маданиятын чагылдырган атамекендик композиторлордун аткаруулары жаңырды. Улуу талаанын күнүмдүк турмушундагы көрүнүштөр балет труппасынын кооз бийи аркылуу көрүүчүлөргө жеткирилди. Улуттук колоритке бай заманбап спектаклдин сахналык жасалгасы жана мазмундуу камтылышы татаал искусство сүйүүчүлөрүн кайдыгер калтырган жок.

Султанбек Гумар, коюучу режиссер, астана Опера тетарынын балет солисти:

- Бул кечеде «Аралым», «Алем» жана «Тойбастар» аттуу балеттик спектаклдеринин бет ачары болду. Буга чейин биз HasSak тобу менен кызматташканбыз. Алардын «Аманат» чыгармаларына «рух» бийин койдук. Муну менен катар ушундай чоң залда койгондон кийин, элдин колдоосуна жана суроо-талапка ээ болгондуктан биз ушундай биргелешкен кече коюуну чечтик.

Алтынай Асылмуратова, «Астана Опера» театрынын балет труппасынын көркөм жетекчиси:

- Азыр Улуттук темаларды өнүктүрүү абдан маанилүү. Бул ишке жаш хореографтарды жана таланттуу музыканттарды тартуу керек деп эсептейм. Казакстанда жаш хореограф өсүп жатат. Мен ага чоң үмүт артам. Ал абдан таланттуу, өзгөчө талабы жана заманбап көз карашы бар. Өзү бий кыймылы менен башкалардан айырмаланып турат, кызыктуу ойлору бар. Бул абдан кызыктуу долбоор жана менимче, Астана Операнын чоң жетишкендиги деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков