Казакстан 2026-жылдын жайында «Келечек
оюндары» эл аралык турнирин өткөрүүгө даярданып
жатат. Премьер-министр Олжас Бектонов Phygital International уюмунун
негиздөөчүсү Рене Фазель жана уюмдун башкы мүдүрү Нис Хат менен аны өткөрүү маселелерин талкуулады. Бул
жаңы жана келечектүү багыт, ал физикалык активдүүлүктү жана санариптик
технологияны айкалыштырат. Бүгүнкү күндө 1,5 миллиондон ашуун казакстандыктар
киберспорт менен активдүү алектенип жатышат. Белгилей кетсек, «Келечек оюндарына» 100 өлкөдөн 1,5 миңден ашуун спортчу катышып, алар 13
дисциплинада күч сынашат. Турнирдин байге фонду 10 миллион долларды түзөт.
Ачылыш жана жабылыш аземи дүйнөлүк жылдыздардын катышуусу менен масштабдуу жана
технологиялык шоу болот деп күтүлүүдө.
Которгон: Назира Бегалиева

