Казакстанда ачык асман алдындагы «Күлтөбе шаарчасы» археологиялык паркынын курулушунун экинчи этабы күч алууда. Азыркы учурда, ыйык жерди музейге айлантуу камында тарых жана архитектура эстеликтеринин негизги аянтынын үстүнө күмбөздөр орнотулуп жатат. Белгилей кетсек, биринчи этапта Кожа Ахмед Яссауи күмбөзүнүн башкы кире беришин көрктөндүрүү иштери камтылган. Борбордук бөлүгүндө амфитеатр жайгашкан, айкелдер жана фонтандар орнотулган. Ар бир этаптын курулушу башынан эле ЮНЕСКОнун Эл аралык адистери менен макулдашылган. Долбоордун өзү уюмдун колдоосу астында ишке ашырылат. Анын негизги максаты-өлкөнүн маданий мурастарын изилдөө, сактоо жана жайылтуу.
Зулпыхар Жолдасов, Түркестан облусу акиминин биринчи орун басары:
– Азыр бул жерде курулуш иштери жүрүп жатат. Дүйнө жүзү боюнча туристтерди тарта турган музей курулат. Анда уникалдуу экспонаттар көрсөтүлөт. Анын ичинде байыркы Кангюй мамлекетинин дооруна таандык кол жазма бар. Ар кандай жазмаларды, буюмдарды биздин археологдор жана тарыхчылар табышкан. Иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүп, бай тарыхыбызды бардык конокторго тартуулагыбыз келет.
Сейил бактын коноктору башка архитектуралык өзгөчөлүктөргө суктана алышат. Натыйжада ар кандай тарыхый мезгилдерде Түркестан шаарынын баш калаасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Адистер бул уникалдуу туристтик жай чоңдорду да, балдарды да кызыктырат деп ишенишет. Келечекте бардык маалыматтар санарип моделине көчүрүлөт. Ошентип, парктын коноктору өнүккөн алдыңкы IT технологиялары менен өткөнгө саякаттоого мүмкүнчүлүк алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков