Астанада курулуштагы жаңы талаптар талкууланды

Астанада курулуштагы жаңы талаптар талкууланды

Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Мажилистин кароосуна жаңы курулуш кодексинин долбоорун киргизүү пландалууда. Анда тармакка тиешелүү 4 негизги мыйзам камтылып, бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү көздөлүп жатат. Бүгүн борбор калаада өткөн курулуш форумунун алкагында тармактын актуалдуу маселелери ортого салынды. Адистердин айтымында, кодексти жана бүт курулуш процессин онлайн режиминде аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген e-Qurylys маалыматтык системасын ишке ашыруу өлкөдөгү архитектура жана шаар куруу тармагындагы татаал көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Бул жатта FIDIC келишимдери тармакка жаңы инновацияларды киргизет. Бул тажрыйба дүйнөдө кеңири жайылган. Казакстанда учурда Дүйнөлүк банк, ЕРӨБ жана АӨБ сыяктуу эл аралык каржы институттары катышкан долбоорлордо колдонулат.

Кирилл Лоновенко, FIDIC макулдашуу менеджери:
- FIDIC курулуш тармагындагы эл аралык стандарттардын бири болуп саналат. Башкача айтканда, иш жүзүндө долбоорлоо жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда ал жалпысынан автомагистралдар, жолдор, медициналык борборлор жана мейманкана комплекстери сыяктуу ар кандай объектилерди куруу үчүн ченемдик укуктук базаны камтыйт. Президент Касым-Жомарт Токаев атамекендик долбоорлорду FIDICтин курулуш келишимине өткөрүү керектигин айткан. Аны ишке ашыруу үчүн алгачкы этапта чет элдик квалификациялуу адистерди тартуу зарыл.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков