Дипломатиялык миссия башчыларынын Казакстандагы абал тууралуу пикирлери

Дипломатиялык миссия башчыларынын Казакстандагы абал тууралуу пикирлери

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Казакстандагы террордук актыларда каза болгондордун жакындарына колдоо билдирип, көңүл айтууда. Улуу Британиянын Казакстандагы элчиси Кэти Лич өзүнүн Twitter баракчасында мындай дейт:

«Акыркы жумада Алматы тургундарынын башынан өткөргөн зордук-зомбулук жана кыйроолору мени чочутту. Башка шаарларга да чабуул жасалды. Өкмөтүбүздүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз бул трагедиядан кийин Казакстанды кайрадан калыбына келтирүүгө жардам беребиз», - деп маалымдады Лич.

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель да дүйшөмбү күнү Акордада президент менен жолукканын Twitter баракчасына жазды.

«Президент Токаев менен Казакстандагы акыркы окуяларды талкууладык. Аза күтүү күнү адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айттым. Мен Европа Биримдиги менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен коопсуздукту жана туруктуулукту сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледим», - деди Европа Кеңешинин президенти.

Казакстандагы абалга Түркия дагы пикир билдирди.

«Биз Казакстандагы окуяда каза болгондорго көңүл айтабыз. Казакстандагы тынчтык жана туруктуулук – биздин башкы багытыбыз. Түркия ар дайым Казакстандын колдоочусу бойдон кала берет», - деп билдирди Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын

Которгон: Илгиз Жамалбеков