Мамлекет башчысы Улытау облусунун өнүктүрүү келечектери менен таанышты

Мамлекет башчысы Улытау облусунун өнүктүрүү келечектери менен таанышты

Касым-Жомарт Токаев Улытау облусунун өнүгүү келечеги менен таанышты. Облустун административдик борбору Жезказганда мамлекет башчысына чечүүнү талап кылган бир катар маселелер айтылды. Атап айтканда, экологиялык абалдын начарлашы, шаардын экономикасынын диверсификацияланбагандыгы, ири ишканаларга көз карандылыгы, инженердик-коммуникациялык инфраструктуранын жана республикалык маанидеги жолдордун курулушу белгиленди. Облус акими Берик Абдыгалиевдин айтымында, дал ушул маселелер  облустун экономикасынын өнүгүшүнө тоскоол болгон негизги факторлор. Бул транзиттик жүктөрдү азайтып, бааларды жогорулатып, ишкердик жигердүүлүктүн төмөндөшүнө таасир этет. Райондун тургундары да бул маселелердин чечилишин күтүшүүдө.

БЛИЦ:

- Кыязы, шаарды көрктөндүрүү аракеттери көрүлөт чыгаар. Жол маселеси да бар. Борбордун жолдорунун абалы жакшырып, калктуу конуштардын жолдору өтүүгө мүмкүн эмес.

- Медицина, жол, билим берүү, социалдык турак-жай жана коммуналдык чарба тармагындагы абал бизди канааттандырбайт. Үйлөрдүн сырткы көрүнүшү да эскирген. Шаардагы жаштарды тартуу үчүн орундар жетишсиз.

- Экология маселесин эске алалы. Биринчи кезекте ушуга көңүл бурушубуз керек.

Жезказган шаарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 46 миллиард теңге керектелет - деп билдирди облустун акими Берик Абдыгали уулу. Жаңы түзүлгөн аймакка эки район, үч шаар кирет. Чакан, бирок стратегиялык жактан маанилүү аймак.

Берик Абдигали уулу, Улытау облусунун акими:

- Жер-жерлерде чечиле турган маселелер көп. Ал эми тармактардын эскилиги чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул Жезказган шаарынын ичүүчү суу сапатынын маселеси, Улытау районунда, Жаңыаркада да бар.  Канализация тармактары Сатпаев, Каражал, Улытау шаарларында эскирген. Мунун баарын өкмөттүн колдоосу менен чечишибиз керек. Облустук борбордун макамынын оң натыйжасын калк жакында сезе баштайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков