Астанада Конституциянын 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Астанада Конституциянын 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Астанада Казакстандын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда өлкөнүн Президенттин борбордук фондунан 150гө жакын музей экспонаттары жана архивдик документтер сунушталган. Алар 1995-жылы жаңыланган Баш мыйзам кабыл алынгандан баштап Казакстандагы конституционализмдин өнүгүшүнөн кабар берет. Көрүүсү начар казакстандыктар үчүн брайль ариби менен жазылган Баш мыйзамдын казак жана орус тилдериндеги басылмалары коюлган. Ошондой эле, Конституция текстинин Гималайдын эң бийик чокусунда тартылган өзгөчө сүрөтү да көргөзмөнүн төрүнөн орун алды.

Ботагөз Кайыпова, Президенттик борбордун мүдүрүнүн орун басары:


- Бул Конституциянын тексти Гималайдын эң бийик чокуларынын биринде болгон. Биздин альпинист Алибек Кайырбек бул учурду тартып алган. Бул өзгөчө экспонат мамлекетибиздин негизги мыйзамы – Конституцияга болгон казакстандыктын өлкө жараны катары кадырлоосун билдирет. Ошондуктан ал көргөзмөнүн төрүнөн орун алды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков