Астана процесси Сирия каатчылыгынын туруктуу чечилишин алдыга жылдырууда алдыңкы ролду ойноп жатат. Бул тууралуу Казакстандын борборунда өткөн 19-эл аралык жолугушуунун катышуучулары билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундунун жыйынтыгы боюнча Иран, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү катышкан тараптар биргелешкен билдирүүнү жарыялашты. Анда алар Сириянын эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө, ошондой эле БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин ырасташты. Алар өздөрүнө тиешелүү болгон жалпы баалуулуктарды коргошу жана сыйлоого тийиш. Ошондой эле, билдирүүдө өлкөлөр саясий жана экономикалык маселелерде биргелешкен жардам көрсөтүү боюнча үч тараптуу координацияны бекемдөөгө ниеттенип жатышканын баса белгилешти. Соңунда сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары, Казакстандын бийлигине Сирия боюнча 19-эл аралык жолугушууну Астана форматында өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков