Астанада Казакстандын дүйнөлүк каржы системасындагы ролу талкууланды

Казакстан чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана венчурдук капиталды өнүктүрүү орду болуу менен аймактык экономикадагы өз позициясын активдүү бекемдөөдө. Биздин өлкөнүн жана Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк каржы тутумундагы ролу тууралуу Астанадагы конференцияда сөз болду. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана финсектордун жолугушуусу Бреттон-Вудс системасынын 80 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралардын алкагында уюштурулган. Эл аралык каржы борборунун аянтчасында Астана ошондой эле соода интеграциясын өнүктүрүү, негизги макроэкономикалык тренддер албетте - глобалдык жана аймактык экономикалык процесстердеги Казакстандын ролу маселелери козголду. Спикерлердин айтымында, азыркы геосаясий чакырыктардын шартында дүйнө чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу үчүн жаңы ыкмаларга муктаж. Бүгүнкү күндө алар АЭКБнын аянтчасында активдүү колдонулууда.

Ренат Бектуров, «Астана» Эл аралык каржы борборунун башкаруучусу:

– Бул конференция жаңы чечимдерди талкуулоо жана каржылык чакырыктар үчүн, бул фрагментация, бул регионализация, бул биз 10-15 жыл мурун айткан ааламдашуу, ар кандай геосаясий тобокелдиктерге, геосаясий чакырыктарга байланыштуу бир аз артка кетет. Биздин максатыбыз-бул жерге инвесторлорду алып келүү, конференцияларды, талкууларды өткөрүү. Чыныгы тобокелдиктин деңгээли алар чындыгында ойлогондой эмес жана биз өлкө катары, аймак катары жана бул жерде иштей турганын билдиргибиз келет.

Которгон: Назира Бегалиева