Бул тууралуу «Казинформ» кабарлады. Белгилей кетсек, «Бактылуу балалык» тасмасы 2022-жылы мамлекет башчынын демилгеси менен балдарды коргоо жылынын алкагында жарык көргөн. Тасма балдардын бош убактысын уюштурууга, окуучулардын чыгармачылык жана билим берүү иштерине, балдар ийримдерине катышуусуна арналган. Тасмада балдар өздөрүнүн жетишкендиктери, алган таасирлери тууралуу айтып беришет, ошондой эле келечектеги пландары менен бөлүшүшөт. Эскерте кетсек, Бүткүл орусиялык фестиваль Казань шаарында үчтүн айынын 5-6да өттү. Ага 300дөн ашык катышуучулар өз эмгектерин көрсөтүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков