Актёрлор менен аскер кызматкерлери биргеликте «Алия» спектаклин койду

Актёрлор менен аскер кызматкерлери биргеликте «Алия» спектаклин койду

Астанада «Алия» спектакли коюлду. Спектакль Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Советтер Союзунун баатырынын 100 жылдыгына карата иштелип чыккан. Бул Улуттук гвардия менен М.Горький атындагы драма театрынын биргелешкен долбоору. Сахнада алгачкы жолу актерлор менен бирге аскер кызматкерлери концерт беришти. Мындай адаттан тыш көрүнүш көрүүчүлөрдү баатырдык доордун атмосферасына алып барды. Өзү аял киши болгонуна карабастан, казак элинин кажыбас мүнөзү менен баатыр кыз эы эрдиктин символу катары тарыхта калды.


Игорь Седин, «Алия» спектаклинин режиссеру:


- Өткөн жылы театр Советтер Союзунун Баатыры жөнүндө спектакль коюу чечимин кабыл алды. Азыр бул баатырларыбыз унутулуп баратат. Ошентип, бул кереметтүү спектакль кайра жанданды. Биздин көрүүчү бирде күлүп, каармандар менен бирге кубанса, бирде ыйлап, алар менен бирге кайгырып жатты. Мындай патриоттук спектаклдер биздин жаштарды өзгөчө шыктандырат.


Айжулжыз Багланова, Алиянын ролун аткаруучу:


- Биз чексиз аракет жана сүйүүгө толгон казак элинин баатыр кызына урмат көрсөтүп, рухуна таазим этишибиз керек.  Ал өз бактысына татыктуу эле, бирок тагдырдын тузагына кабылды. Мекен үчүн от кечип, акыркы демине чейин душман менен кармашуу менен бирге улуу маххабат сезими үчүн күрөштү. Анын акыркы каттарында "менин жээндеримди адамдарды сүйүүгө үйрөтүңүздөр" деген сөздөр бар. Бул менин жүрөгүмө терең таасир эткен абдан маанилүү, улуу сөздөр.


Жаннур Касымов, Улуттук гвардиянын аскер кызматкери:


- Бүгүнкү кече абдан таасирдүү болду. 1,5 сааттай өттү. Мага абдан жакты. Биздин Улуттук гвардиянын командачылыгына ушундай белек үчүн, мындай кечени көрсөтүп, чакыргандыгы үчүн чоң рахмат. Абдан таасирдүү жана мыкты болду. Сахнадагы бардык артисттердин мага болгон көңүлдөрү, бизге жеткиргени мага абдан жакты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков